Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов Ат-Башы районуна барды


Ал райондун Кызыл-Туу, Казыбек, Терек суу, Жаңы-Күч айылдарынын тургундары менен жолугушуп, Торугарт бажысынын курулушу боюнча маалымат бермекчи. Бул тууралуу Ат-Башыдагы жергиликтүү тургундардын бири “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда бүгүн жогоруда аталган айылдардын тургундары Бишкек-Торугарт жолун тосууга чыгышты. Алар Торугарт бажы бекети райондун ичине карай 50 чакырым жылдырылып жаткандыгына нааразы болушуп, Кыргызстанга тиешелүү жерди бийлик 49 жылга Кытайга ижарага бериптир, деген кептен улам ушундай иш-чарага барышканыдыгы айтылууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы болсо вице-премьер министр Өмүрбек Бабанов жумушчу иш сапары мурда пландаштырылган боюнча Ат-Башы районун кыдырып келгени кеткенин кабарлашты.

Президент Курманбек Бакиев өткөндө Ат-Башы районунун тургундары менен жолугушууда Торугарт аймагындагы жер Кытайлыктарга ижарага берилет деген маалымат карандай калп экенин айткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG