Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Курманбек Бакиевди талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча арыз сотко даярдалууда


Мындай маалыматты БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаевдин шайлоо өткөрүү боюнча Баткен облустук штабынын башчысы Ташболот Балтабаев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Курманбек Бакиев бүгүнкү кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштеринде мамлекеттик каражатты колдонуп, шайлоочулар менен жолугушууларды уюштурууда. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди иштетип жатат. Мындай аракеттери менен талапкер Шайлоо кодексинин 56-беренесинин 1-бөлүмүнүн бир нече бөлүмчөлөрүн бузуп жатат. “Ошондуктан биз жергиликтүү жана Жогорку Сотко Курманбек Бакиевди талапкерлердин катарынан чыгаруу арызын даярдадык, аны жакынкы күндөрү тапшырабыз”, - дейт Ташболот Балтабаев. (JsA)

XS
SM
MD
LG