Сыналгыдан көрсөтүлгөн билдирүүдө Аятолла Али Хаменейи айрым Батыш мамлекеттери Ирандын ички иштерине кийлигишип жатышканынын «кесепети начар» болоорун билдирди. Ал кайсыл мамлекет тууралуу айтып жатканын тактаган жок. Бирок 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин Иранды Британия менен АКШ өзгөчө сындаганы белгилүү. Хаменейи шайлоону Ирандын жеке иши деп атап, буга кийлигишпөөгө чакырды.