Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Бүгүн Б.Обама Владимир Путин менен жолугушат


Орусия менен АКШ өткөн жылы орус-грузин жаңжалынан улам токтоп калган аскерий кызматташтыкты кайра жандантат. Буга байланыштуу документке АКШ президенти Барак Обама жана Орусиянын лидери Дмитрий Медведев кол койду. Мындан сырткары Барак Обама менен Дмитрий Медведев стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча быйыл жыл этегинде түзүлө турган келишимдин түйүндүү жоболорун макулдашты. Эки лидер ракетадан коргонуу системасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдү улантууну чечишип, бул темада билдирүү кабыл алышты.

Дагы бир макулдашууга ылайык, Орусия өзүнүн аба мейкиндиги аркылуу Ооганстанга аскер жана курал-жарактарын ташып өткөнгө АКШга уруксат бермей болду.

Бүгүн АКШ президентинин Орусияга иш сапарынын экинчи күнүндө Барак Обама Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушат. Ушул эле күнү Обама Орусиянын Экономика мектебинде сөз сүйлөп, Михаил Горбачев жана орус оппозициясынын өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG