Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Ооганстанда тик учактын кыйроосунан үч чет элдик аскер каза тапты


Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Забул провинциясынын аймагында кечээ болгон. НАТО башкарган Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз өкүлүнүн билдиргенине караганда, тик учактын кыйрашы душман менен атышуунун натыйжасы эмес. Каза тапкандардын экөөсү Канаданын, бирөөсү Британиянын жоокери.

Бул аралыкта кечээ Эл аралык коопсуздук күчтөрү Ооганстанда согушкерлердин бомба жардыруусунан жана ок атуусунан жети аскерин жоготту. Алардын баары АКШнын жоокерлери.

XS
SM
MD
LG