Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Орусия жана АКШ “антогонист болууга арналган эмес”


Бул тууралуу бүгүн Орусиядагы сапарынын экинчи күнүндө АКШ президенти Барак Обама билдирди. Ал Москвада Жогорку экономикалык мектепте сүйлөгөн учурунда буларды белгиледи:

- АКШ кубаттуу, тынчтыкты сүйгөн жана гүлдөгөн Орусияга кызыкдар. Бул ишеним орус элине карата биздин урматообузга жана биздин элдердин атаандаштык менен гана чектелбеген биргелешкен тарыхына негизделген.

АКШ президенти ага катар өз сөзүндө эки өлкөнүн окшош кызыкчылыктары бар экенине токтолуп, диалогду жана кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды. Эки тарап Түндүк Кореянын, Ирандын өзөктүк программасы өңдүү маселелерде да биргелешип иштөөсү керектигин белгиледи.

Барак Обама ошондой эле демократия жана адам укуктарынын сакталышы, мыйзам үстөмдүгү АКШ коргоп келе жаткан универсалдуу баалуулуктар экендигине токтолду. Бирок АКШда башкаруу формасын кимдир-бирөөгө таңуулоо ниети жоктугун кошумчалады.

Бүгүн эртең менен болсо Обама Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен биринчи ирээт кездешип, ага азыр “орус-америка алакаларын бекем негизге коюу үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк бар экендигин” билдирген.

Кечээ болсо АКШ жана Орусия президенттери өзөктүк куралдар канчага чейин кыскартыларын макулдашып, АКШ аскерлери менен аскерий жүктүн Ооганстанды көздөй Орусиянын аба мейкиндиги аркылуу өтүүсүн караган келишимге жетишкен болчу.

XS
SM
MD
LG