Президенттин иш башкармалыгына караган ”Аврора” эс алуу жайынын ичине “Инвесттресст” фирмасы акыркы үлгүдөгү 80ге жакын эс алуу үйлөрдү курдуруп бүттү. Анда иштеген курулушчулар 4 айдан бери эмгек акы ала албай атканын “Азаттыкка” билдиришти. Таалай Карасартов атту жергиликтүү курулушчунун айтымында, учурда 13 жумушчуга 300 миң сомдой айлык төлөнбөй атат. Эгерде ал 15-июлга чейин берилбесе нааразылык күчөйт. Бул жерде буга чейин иштеген 500дөй жумушчу өткөн жылдары эмгек акыларын райондук прокуратура аркылуу төлөтүп алган . Эл ичинде “Аврора+” деп аталган бул эс алуу айылын президенттин уулу Максим Бакиев курдурганы айтылып келет, бирок мамлекеттик каттоо бөлүмү ага “Инвесттресст” фирмасы ээлик кылаарын маалымдады. (RB)
Ысык-Көлдөгү “Аврора+” эс алуу үйүн курган жумушчулар эмгек акысын ала албаганына нааразы