Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

К.Бакиев Франция жана Ооганстан президенттеринен ыраазылык каттарын алды


Өлкө башчысы Курманбек Бакиевге жакында жазган катында Франция президенти Николя Саркози Ооганстанда терроризмге каршы жүрүп жаткан аракеттерди колдоо үчүн АКШ жана Кыргызстандын ортосундагы Транзиттик логисттик борборду түзүү келишими боюнча кабыл алынган чечим үчүн ыраазылыгын билдирет.

“Ооганстандагы жана аймактагы кырдаалды турукташтыруу боюнча жалпы аракеттерде Кыргызстан өнөктөштүк ролун көрсөттү. Ооганстандагы абал боюнча диалогду жеңилдетүү боюнча cиз сунуштаган Бишкек демилгеси бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын активдүү позициясы бар экендигин далилдейт”, - деп айтылат француз лидеринин катында.

Андан тышкары Саркози Франциянын Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү кызыкчылыгы бар экендигин бекемдеди. “Учурдан пайдаланып Франциянын Кыргыз Республикасы менен конкреттүү жана үзүрлүү алака-катыштарды өнүктүрүүгө каалоосу бар экендигин эсиңизге сала кетким келет. Жакында Бишкекте ачылганы турган Франциянын элчилиги бул аракеттерге көмөкчү болот”, - деп белгилеген Франциянын лидери.

Кыргыз-француз кызматташтыгын активдештирүү жана Бишкекте Франциянын элчилигин ачуу ниети жөнүндө Курманбек Бакиев менен Франциянын Ооганстандагы жана Пакистандагы Атайын өкүлү Пьер Лелуш мырзанын 2009-жылы 22-июнда өткөн жолугушуусунда эле сүйлөшүлгөн.

Дал ушул эле мазмундагы кат мамлекет башчыга Ооган Президенти Хамид Карзайдан да келип түштү. Ал Курманбек Бакиевге “Манас” аба майданынан Ооганстанга жүк ташуу үчүн эларалык коопсуздук күчтөрүнө логистикалык колдоо мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендигиңизге ыракмат”, - дейт.

“Экстремизмге, терроризмге каршы жана өлкөбүздө тынчтыкты жана коопсуздук орнотуу боюнча күрөшүбүзгө тилектештик көрсөткөнү үчүн Кыргызстандын элине жана өкмөтүнө Ооган элинин атынан ыраазылык билдирем”, - деп белгилейт Ооганстан мамлекетинин башчысы катында. Бул тууралуу Президентинин Катчылыгынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG