Өкмөттөн алынган маалыматка караганда Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация кечээ Бишкекке келген. Алар президент Курманбек Бакиев менен жолугушмак. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Айрым маалымат каражаттары Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган 20 чакты делегациянын курамында Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков дагы бар экендигин жазып чыгышты. “Дело №” басылмасынын маалыматына караганда Орусиялык делегация кыргыз тарап менен кыргыз-орус соода-экономикалык жана аскердик кызматташтык, ошону менен бирге эле “Манас” аэропортундагы жаңы түзүлгөн Транзиттик борбор, Камбар - Ата ГЭСинин курулушу үчүн Орусия бөлө турган кредит тууралуу сөз кылышмак.
Айрым бир такталбаган маалыматтарга караганда Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация кечээ Ак үйдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кайра Москвага кетишкендиги айтылууда. (AJ)
Айрым бир такталбаган маалыматтарга караганда Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин баштаган делегация кечээ Ак үйдө сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кайра Москвага кетишкендиги айтылууда. (AJ)