Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

ТИМ Кыргызстандык атуулдарды Үрүмчүгө сапарын токтотуп турууга чакырат


Бул боюнча Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусу даярдалууда, деп билдирди аталган министрликтин басма сөз кызматынан. Маалыматтарга караганда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өз атуулдарын Үрүмчүдөгү баш аламандыкка байланыштуу ал жакка ар кандай сапарларын убактылуу токтотуп турууга чакырган.

Кытайдын мамлекеттик “Синьхуа” жаңылыктар агенттиги жекшемби күнү (5-июлда) Үрүмчүдөгү баш аламандыкта 156 адамдын өмүрү кыйылып, 800дөн ашуун киши жарадар болгонун, тополоңго байланыштуу камалгандардын саны 1400дөн ашуун экенин кабарлады. (AJ)

XS
SM
MD
LG