Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

АКШ алака түзүү саясатынан майнап чыкпаса, Иранга каршы жаңы санкциялардын киргизилишине умтулат


Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Венесуэланын телекомпаниясынан көргөзүлгөн интервьюсунда айтты. Ал белгилегендей, Ирандагы акыркы окуялар, президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдирип, көчөгө чыккандарга каршы бийликтин күч колдонуусу Вашингтондун Тегеран менен диалог куруу жолундагы дагы бир тоскоолдук болуп калды.

Бул аралыкта кечээ АКШнын куралдуу күчтөрүндөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, адмирал Майк Маллен Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча диалог жүргүзүүчү мөөнөт аяктап бара жатканын белгилеп, эгер өзөктүк программасынан баш тартпаса Израилдин же АКШнын аскерий соккусуна кабылуусу ыктымал экенин жокко чыгарбады.

Тегеран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөйт деп ырастап келүүдө, АКШ болсо программанын максаты - өзөктүк куралга ээ болуу деп эсептейт. Уран байытууну токтотуу талабы менен Улуттар уюму буга чейин Иранга каршы үч ирээт санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG