Бул тууралуу Пакистандын чалгын кызматынын өкүлдөрү билдиришти. Ракеталык сокку талибдердин Пакистандын түндүк-батышындагы Түштүк Вазирстан чөлкөмүндө жайгашкан машыгуу лагерине урулган. Андан кабарларга караганда, он согушкер мерт болду. Түштүк Вазирстан Талибандын Пакистандагы колбашчысы Байтулла Мехсуддун таяныч бекети катары эсептелинет. Кечээ да АКШныкы делген учкучсуз учактын ушул чөлкөмдө жасаган ракеталык соккусунан 16 согушкер жок кылынганы кабарланган.