Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Жогорку Сот Бишкек, Ош шаардык шайлоо участкаларынын курамы боюнча арызды кароодо


БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин билдиргенине караганда, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев “Бишкек,Ош шаарларынын жана айрым облустук шайлоо комиссияларынын курамы мыйзамсыз түзүлгөн”,-деген доомат менен сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту бул ишти карап, БШКнын пайдасына чечим чыгарган. Соттун мындай чечимине макул болбогон А.Атамбаев Жогорку Сотко кайрылган.

БШКнын өкүлүнүн айтымында, Бишкек, Ош шаарларынын жана айрым облустук шайлоо комиссияларынын курамы мыйзамдын алкагында түзүлгөн.

Талапкер А.Атамбаевдин БШКдагы өкүлү Галина Скрипкина болсо Шайлоо Кодексинин 11-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо участкаларынын курамын түзүү жана алардын укуктары жөнүндөгү мыйзамды БШК одоно бузган, деп эсептейт. (AJ)

XS
SM
MD
LG