Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Кытай президенти Үрүмчүдөгү тополоңдордон улам Чоң сегиздин саммитине катышпайт


Батыш маалымат агенттиктеринин билдиргенине караганда, Ху Цзиньтао Италиядан мекенине бүгүн кайтып кетти. Шинжаң-Уйгур автоном районунун борборунда уйгурлар менен хан кытайлардын ушул жекшембидеги кагылышуусунан расмий маалымат боюнча 156 киши каза тапты, 1000ден ашууну жаракат алды. Кечээ Үрүмчүдө уйгурлар менен катар кытайлар да демонстрацияга чыккан соң, бийликтер тартип орнотуу үчүн шаарга миңдеген аскерлерди алып келди, түнкүсүн коменданттык саат киргизди.

Үрүмчүдө кагылышуулар жана анча чоң эмес нааразылык акциялары бүгүн да өткөнү кабарланды, бирок шаардагы абал мурдагы күндөргө салыштырмалуу тынчыраактай.

XS
SM
MD
LG