Кечээ 7-июлда Бишкек-Нарын автожолунда Бириккен оппозициялык кыймылдын талапкери Алмаз Атамбаевдин автоунаасын аварияга учуратуу аракети жасалды. "Ауди-80" үлгүсүндөгү D 54-49 H мамлекеттик номериндеги терезеси караңгылатылган унаа үгүт тобунун автокербенин капталынан жөөлөп, аварияга учуратуу аракетин кылган. Социал-демократтар партиясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жол эрежесин бузуучуларды талапкердин жансакчылары токтоткондо, ал машинадан 2 адам чыккан, айдоочусу мас болумуш болуп койгон. Кийин машине текшерүүгө алынганда айдоочунун Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин формасын кийип түшкөн сүрөтү чыккан. Аудиден ошондой эле МАИ кызматкеринин ала таягы табылган. (EK)