КР тышкы иштер министрлигинин маалымдаганы боюнча Кытайдын Үрүмчү шаарында жүргөн кыргызстандык жарандардын алгачкы тобу 45 киши кечээ Бишкекке учак менен жеткирилген. Алардын арасында студенттер, ишкерлер жана расмий адамдар бар. Ошондой эле кечээ кечинде 50 кыргызстандык жаран Үрүмчү-Бишкек каттамындагы автобус менен Бишкекти карай жолго чыгышты. Тышкы иштер министрлиги ушул тапта Шиңжаң-Уйгур автономдуу районунда канча кыргызстандык жаран бардыгы тууралуу маалымат берген эмес, бирок Кыргызстанга учак менен кетүүнү каалагандарга аба белеттерин сатып алууга Кытайдагы кыргыз элчилиги көмөктөшүп жатканы маалымдалат.
Өткөн жекшембиден дүйшөмбүгө оогон түнү Кытайдин Шиңжаң-Уйгур автономдуу районунда баш-аламандык болуп, 156 киши каза тапкан, 800дөн ашуун адам жарадар болгон. Бул тополоңго кириптер катары 1400 киши камакка алынганы кабарланууда. КР Тышкы иштер министри баш-аламандыкта кыргызстандык жарандар жабыркабаганын, муну Шиңжаң-Уйгур автономдуу районунун бийлиги да тастыктаганын кабарлоодо.(ZKo)