Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Үрүмчүгө кытай бийликтери жыйырма миң аскер киргизди


Бирок кырдаал дале коогалуу бойдон турат. Коопсуздук күчтөрү уйгурлар жана ханзулар жашаган маалаларды өз-өзүнчө бөлүп, катуу күзөтө баштады. Шаршемби күнү майда-барат кагылыштар болгону кабарланды. Шаар бийликтери кырдаал көзөмөлгө алынганын айтышууда. Үрүмчү шаардык компартиянын жетекчиси Ли Чжи тополоң маалында кылмыш кылгандардын, адамдардын канына забын болгондордун баары өлүм жазасына тартыларын эскертти. Ушу күнгө чейин 1400дөй киши кармалды, набыт болгондор саны ырасмий маалыматтарда 156 адам, алардын көбү ханзулар деп айтылат.

Түркиянын премьери Режеп Тайып Эрдоган Шинжанда түрк тилдүү калк туш болгон абал ырасмий Анкараны камтама кылып жатканын айтып, Түркия алдыдагы эки жыл ичинде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары уйгур проблемасын сөз кыла турганына ишендирди.

XS
SM
MD
LG