Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Акыйкатчы Ат-Башыдагы жол тосуу боюнча маалымат таратты


Ал маалыматта 6-июлда Бишкек-Торугарт жолу Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын тушунда тосулганы, ага жергиликтүү 37 киши катышканы айтылат. Акцияга чыккандар Арпа, Ак-Сай жайлоолорун Кытайга 49 жылга ижарага берилишине, Торугарт чек ара бекетинин ичкери карай жылышына каршы чыгып, жолдорду оңдоо, жер байлыктарын сатууну токтотуу талаптарын коюшкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жайлоолордун ижарага берилгендиги тууралуу сөздөрдү төгүндөп, калкты мыйзамсыз ишке барбоого үндөгөн. Акция түштөн кийин токтоп, негизинен тынч мүнөздө өткөн. Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Бакыт Рысбеков окуяга байкоо салууну улантып жатат.(AiT)

XS
SM
MD
LG