Мындай пикирин саясат таануучу Кадыр Маликов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Маликовдун айтымында, Кытай, Пакистан, Ооганстан, Кавказ жана Борбор Азия региону жалпы туруксуздук алкагында жатышат. Ооганстан жана Пакистандагы аскерий операциялардын күчөшү менен ал жактагы жоочулардын Борбор Азия регионуна сүрүлүп келүү коркунучу бар. Эгерде ал күчтөр бул регионго келсе жергиликтүү калктан колдоо табышы да ыктымал. Анткени калктын көпчүлүгү жакыр. Кыргызстандын да дин багытында оңдуу саясаты жок. Ал эми динчилдерге катуу чараларды көрүү алардын андан ары радикалдашуусуна алып келет. (AiT)