Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:10

Президенттикке талапкерлердин эл менен жолугушуулары уланууда


Азыркы президент Курманбек Бакиев бүгүн Нарын облусунда болот. Бириккен оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев Бишкектеги шайлоочулары менен жолугушат. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев Талас облусунда эл менен жолугушууларды баштайт. Талапкер Жеңишбек Назаралиев Таластан кийин Жалал-Абат облусун кыдырып жүргөнү айтылууда. Нурлан Мотуев менен Токтайым Үмөталиеванын үгүт иштери тууралуу азырынча маалыматтар жок.(ZKo)
XS
SM
MD
LG