Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Үрүмчүдөн кыргызстандыктарды чыгаруу иштери уланып жатат


КР тышкы иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча эки күн ичинде 100дөн ашуун кыргызстандык жаран кооптуу аймактан чыгып кетти. Үрүмчү шаарындагы Няньцзыгоу автобекетинен үч автобус менен 56 кыргыз жараны “Үрүмчү-Хоргос-Бишкек” багыты боюнча 8-июлда жолго чыккан. Ошол эле учурда жеңил автоунаалар менен да ушул эле багыт боюнча жыйырма чакты кыргыз жараны мекенине кайтып келе жатат. 8-июль күнү эртең менен 45 кыргызстандык жаран учак менен Бишкекке жеткирилген. Кытайдагы кыргыз элчилиги кырдаалга көз салып, Үрүмчүдөгү калган кыргыз жарандарынын санын тактоодо, деп айтылат министрликтин маалыматында.
5-июлдан алтысына оогон түнү Кытайдын Кыргызстан менен чектешкен Шиңжаң-Уйгур автономдуу районунда баш-аламандык болуп, 156 киши каза тапкан. КР тышкы иштер министрлиги бул тополоңдо кыргызстандык жарандар жабыркабаганын бекемдеп келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG