Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Үрүмчүдөгү кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу уланууда


Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин тараткан маалыматына караганда, ушул тапта Үрүмчүдө ар кыл себептер менен жүрүшкөн кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу уланууда. 8-июль күнү Үрүмчү шаарынын эл аралык Няньцзыгоу автобекетинен “Үрүмчү-Хоргос-Бишкек” маршруту аркылуу үч автобус менен 56 Кыргызстандын жараны жөнөтүлгөн. Алардын жыйырма экиси студенттер.

Андан тышкары Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда кооптуу болуп турган шаардан жыйырмага чукул адам жеке унаалар менен мекенине чыгышкан.

Ушул тапта Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Үрүмчү шаарында калып калган кыргызстандыктардын санын тактоо менен алек болууда жана биринчи мүмкүнчүлүк чыгары менен аларды мекенине кайтаруу иштерине жардам берилмекчи.

Эскерте кетсек, 5-июлда Шинжаң-уйгур автономдуу облусунда уйгурлар менен хан кытайлардын ортосунда жаңжал чыгып, ырасмий маалыматтарга караганда 156 адам өлүмгө дуушар болгон. Уйгурлардын дүйнөлүк курултайы 600 чамалуу өлүү бар экенин билдиришкен. Кийинчерээк жаңжал чыккан шаарга 20 000 аскер киргизилип, коменданттык саат жарыяланган. (IJz)

XS
SM
MD
LG