Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Орусия Кыргызстандын түштүгүндө жаңы аскерий база ачуу маселесин сүйлөштү


Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Сечин менен Коргоо министри Анатолий Сердюков Кыргызстанга иш-сапары менен келип, ырасмий Бишкек менен өлкөнүн түштүгүндө ЖККУнун алкагында аскерий база ачуу маселесин талкуулап кетишкени айтылууда. Орусиянын маалымат булактары жазып чыгышкандай, мындай маалыматты Орусиянын да, Кыргызстандын да дипломаттары бейрасмий баарлашууларда тастыкташууда. Кыргызстандын президентинин маалымат кызматы жогорудагы Орусиялык делегаттардын келип кетишкенин тастыкташканы менен эмнелер тууралуу сөз болгонун айта алышпады. (IJz)

XS
SM
MD
LG