Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Италиянын Аквила шаарында бүгүн өнүккөн сегиз өлкөнүн жыйыны аяктайт


Бейшемби күнү саммитте дүйнөлүк экономикалык кризис, өзөктүк куралдар, климат жана энергетикалык коопсуздук проблемалары талкууланды. Саммиттеги кыйын-кычыктуу маселе климат проблемасы болду. Талкуу-талаштардан соң "чоң сегиздин" мүчөлөрү 2050-жылга чейин зыяндуу газ калдыктарын атмосферага чыгарууну 80 пайызга кыскартууну макулдашканын, абанын орточо температурасын Цельсия ченеми боюнча 2 градуска жылыганга жол бербеш үчүн биринчи мерте өздөрүнө милдеттенме алышканын Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун бышыктады. Ошол эле учурда алар өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн да газ калдыктарын 50 пайызга азайтууну талап кылышты.

XS
SM
MD
LG