Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Жалал-Абат облусундагы селден элүүдөн ашуун үй жапа чекти


Селдин кесепеттерин жоюу иши 10-июль күнү да улантылды. Тазалоо иштерине жергиликтүү 100 тургун менен үч техника тартылды. Мындай билдирүү бүгүн өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматынан алынды. Маалыматка караганда, 8-июлдун кечинде жааган катуу нөшөрдөн улам Ноокен районундагы Кызыл-Жылдыз айлында суу ташкын пайда болгон. Суу аталган айылдагы 51 үйгө кирип, айылга караштуу үч ири мүйүздүү мал селге аккан. 26 гектар айыл чарба өсүмдүгү суу алдында калган. Буга чейин болгон облустагы суу ташкында 5 адам сууга агып кеткен эле. Сууга чөккөндөрдүн арасынан эки адамдын денеси табылып, 3 жашар кыз жана 14 жашар өспүрүм менен 52 жаштагы киши табыла элек. (YA)

XS
SM
MD
LG