Президенттикке талапкердин үгүт тобунунун өкүлү бүгүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Жеңишбек Назаралиев Бишкек - Ош жолунда турган облустун шаар –райондорунун тургундары менен жолду ката кездешип жүрдү . Базар-Коргон районунун жана облустун борборунда бир нече жолугушууларды өткөрдү. Анда президенттикке талапкер өз программасы менен тааныштырып, шайлоочулардын суроолоруна жооп берди. Жолугушуулар жылуу маанайда жана тоскоолдуксуз өттү.(YA)