Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Тегеранда демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонулду


Иран өкмөтүнүн тыюу салганына карабай, реформаны жактаган миңдеген адамдар өлкө баш калаасында демонстрацияга кечээ чыгышкан. Аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонулган. Кечээ көчөгө чыккандардын саны өткөн айдагы талаштуу президенттик шайлоодон кийинки демонстрацияларга катышкан жүз миңдеген адамдарга салыштырмалуу аз болду. Бирок ал Иран бийликтери шайлоодон кийинки толкундоону күч менен баскандан берки эң ири нааразылык акциясы катары каралууда. Тегерандан түшкөн кабарларга караганда, 1999-жылкы студенттик толкундоонун 10 жылдыгын белгилөө үчүн көчөгө чыккандардын айрымдары "диктаторго өлүм" деп кыйкырышкан.

XS
SM
MD
LG