Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Шинжаңда тыюу салууга карабай мечиттер жума намазга ачылды


Кытай бийликтери, кабарларга караганда, Шинжаң-уйгур автоном районундагы мечиттерди жаап турууну бул жердеги кандуу тополоңдон кийин буюруган. Уйгурларга намазды адаттагыдай мечитте эмес, үйүндө окууга чакырган кулактандыруулар берилген эле. Бирок Шижаң-уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө кээ бир мечиттер жума намазга келген эл киргизүүнү талап кылып, сыртка чогулган соң ачылгандай.

Бул аралыкта кечээ Кытайдын жогорку жетекчилиги уйгурлар менен кытайлардын апта башындагы кагылышуусуна катышы барлар “катуу жазаланарын” эскертти. Коопсуздук кызматтары Үрүмчүдө көзөмөлдү күчөттү, жүздөгөн адамдар учурда камакта деп эсептелинүүдө.

Шаарда 5-июль күнү орун алган кагылыштардан расмий маалымат боюнча 156 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG