Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Майып балдардын басымдуу бөлүгүн жарым эстер түзөт


Бул тууралуу Балдарды коргоо департаментинин жетекчиси Толкун Бекбулатова кечээ Ысык-Ата районунда үй-бүлө, балдар укугу боюнча уюштурулган жыйында билдирди. ЮНИСЕФтин маалыматына караганда Кыргызстанда жыл сайын 30 миң бала акыл жактан кемтик төрөлөт. Балдарды коргоо департаменти Дене тарбия, спорт жана жаштар иши боюнча агенттиктин алдында эки жыл мурун түзүлгөн. Департамент жетекчиси Т. Бекбулатованын айтымында, бул орган мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип, көйгөйлөрдү арылтып, маанилүү чечимдерди кабыл алууда ыйгарым укуктары чектелүү. Ысык-Атадагы жыйында өлкөдөгү үй-бүлө, балдар жана жаштар иштери боюнча башкаруунун жаңыртуу, бул жаатта өзүнчө комитет түзүү боюнча резолюция кабыл алынды. (EBM)

XS
SM
MD
LG