Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Т. Сариев Кара-Буурада шайлоочулар менен жолукту


“Ак шумкар” партиясынан талапкер Темир Сариев бүгүн Таластын Кара-Буура районунун борборунда жолугушуу өткөрдү. Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Карыповдун “Азаттыкка” маалымдашынча, жолугушуу кечке маал аталган райондун Өзгөрүш айлында уланат. Оппозициянын бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев Чүйдөгү шайлоочулар менен жолугушуп жатат. Бүгүн Аламүдүн районундагы кок-Жар айлында добуш берүүчүлөр менен кездешет. Аялдардан жалгыз талапкер Токтойым Үмөталиев Оштун Кара-Кулжа районун кыдырууда. Азыркы президент, талапкер Курманбек Бакиев кечээ Нарындын Кочкорунда болгон. Дарыгер Жеңишбек Назаралиев болсо Жалал-Абатта жолугушууларды өткөргөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG