Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ Ошто жарым жылда аткаран иш-аракеттеринин жыйынтыгын чыгарды. Анда быйыл былтыркыга салыштырмалуу чукул кырдаалдар боюнча фактылар азыраак катталганы, 2008-жылы мындай кокустуктарда токсонго жакын адам каза болса, быйыл 46 адам набыт кеткени айтылды. Аталган министрликтин маалымдашынча, жаратылыш кырсыктары келтирген чыгымдар да азыраак болду. Былтыр кокустуктардан 600 миллиондон ашык сом чыгымдалса, быйылкы жылдын биринчи жарымында чыгаша 154 миллион сомду түздү. (EBM)