Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

К. Бакиев АКШнын мамкатчы орун басары менен Ооганстанды талкуулады


Бүгүн Курманбек Бакиев Кошмо штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс жолугушту. Президенттин маалымат кызматынын башчысы Алмаз Турдумамтовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, анда тараптар Ооаганстандагы кырдаалды кеңири талкуулашты. У. Бернс аталган аймакта стабилдүүлүктү орнотуу боюнча Бишкек демилгелерин жогору баалай турганын айтты. Өз кезегинде К. Бакиев кыргыз-АКШ аралык мамилелер жакшы нукта өнүгүп келе жатканын белгилеп, мамкатчынынын орун басарынын азыркы сапары алакаларга жаңы дем берет, деген ишеничин билдирди. У. Бернс транзиттик база түзүү боюнча келишимди кубаттап, бул документ аталган эки мамлекеттин жана ооган элинин кызыкчылыгына дал келерин баса белгиледи. Кыргызстандын экстремизм, терроризмге каршы аракеттерин жогору баалады, дейт А. Турдумаматов. (EBM)

XS
SM
MD
LG