Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:31

Экономика жаатта кыргыз-америка аралык комиссия түзүлөт


Бүгүн президент Курманбек Бакиев АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Уильям Бернс менен соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Турдумаматов “Азаттыкка” тараптар Кыргызстан менен АКШ өкмөттөрүнүн атайын комиссиясын түзүү тууралуу макулдашканын билдирди. Комиссия жакынкы күндөрү Кыргызстанда ишке ашырылуучу экономикалык жаңы долбоорлор боюнча жолугушуу өткөрөт. Анын алкагында Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттерге Кыргызстанды катыштыруу да каралган. (EBM)

XS
SM
MD
LG