Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:44

АКШ мамкатчысынын орун басарынын Бишкек сапары аяктады


Мамкатчынын орун басары Уильям Дж. Бөрнс жетектеген америкалык делегация Кыргызстанда эки күндүк сапар менен болуп, анда президент Курманбек Бакиев, премьер министр Игорь Чудинов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бөрнс мырза ошондой эле жарандык лидерлер менен дагы жолукту. Иш сапарынын акырында журналисттерге маалымат берди.

Расмий жолугушууларда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. АКШ президенти Барак Обама мурдараак Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге кат жолдоп, анда байланыштарды талкуулоо үчүн бийик деңгээлде делегация жиберерин билдирген.

Бөрнстүн сапарынын алдында президент Курманбек Бакиев 2009-жылдын 2-июлунда «Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, кыргыз өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган «Манас» эл аралык аба майданындагы Транзиттик ташуулар борбору тууралу жана аны менен байланышкан объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн макулдашуусун ратификациялоо тууралуу» мыйзамына кол койгон. Бул борбор Кыргызстан бир тараптуу баш тарткан АКШнын аба-аскерий базасынын ордуна түзүлүп, мындай чечим узак мөөнөттү дипломатиялык сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган. (BuS)

XS
SM
MD
LG