Маалыматтарга караганда “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев Талас облусунда шайлоочулар менен жолугушууларын бүгүн жыйынтыктады. СДП лидери Алмаз Атамбаев кечээ Чүй облусунда жолугушууларды баштагандыгы кабарланды. Президент Курманбек Бакиев апта этегинде Нарын облусунун шайлоочулары менен жолугушуп келди. Калган талапкерлердин жолугушуулары тууралуу “Азаттыкка” азырынча беймаалым. (BuS)