Бул максатта Транспорт жана байланыш министрлигинин Жарандык авиация департаментинин башчысы Александр Настаев өткөн аптанын этегинде Белгияга кетти деп жазды “Кабар” агенттиги. Евробиримдик үч жылдан бери Кыргызстандын учактарын өз аймагынан учууга тыюу салып келатат. Брюссел сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктаган шартта 2010-жылдан баштап Евробиримдик аймагындагы учуу багыттарын Кыргызстан учактары жаңыртат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча департамент маалымат тарата элек. (BuS)