Өкмөткө каршы топто болгон деп айыпталган Мирзо Зиеев ишембиде башка жикчилер менен бирге кармалган болчу. Ал мурда оппозиция менен бийлик бөлүштүрүү боюнча макулдашууга ылайык, мамлекеттин Өзгөчө кырдаалдар министри да болгон. Зиеев бул ирет жикчи топторунун курал-жарактары жашырылган жерлерди көрсөтүп берүүгө да макул болгону айтылып жатат, бирок аны жикчилердин арасындагы өзүнүн санаалаштары өлтүрүп кетишти. 1990-жылдарда Тажикстандагы граждандык согуш учурунда Зиеев исламчыл жикчи топторунун талаа командири болгону белгилүү.