Талапкер муну анын алдын ала тандалган атаандашы президент Курманбек Бакиевдин келбей тургандыгы, теледебаттын түз көрсөтүлбөгөндүгү менен негиздеп, БШКга алдын ала маалымат бергени жатат. Бул тууралуу Үмөталиева кечээ “Азаттыкка” билдирди. Президент Бакиев теледебат белгиленген 14-июль күнү жаңы цемент заводунун ачылышына катышуу үчүн Кызыл-Кыяга барары күтүлүүдө.
15-июлга белгиленген теледебатка “Ак шумкар” партиясынын башчысы Темир Сариев менен кайым айтышка чыкпай тургандыгын буга чейин СДПнын башчысы Алмаз Атамбаев билдирген болчу. Дагы бир талапкер Жеңишбек Назаралиев баш тарткандыгына байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген теледебатка талапкер Нурлан Мотуев жалгыз чыгары күтүлүүдө. БШК мүчөсү Самат Бөрүбаевдин айтымында кайым айтышка макулдук берген талапкер эфирдик убакыттын жарымы пайдаланууга укуктуу. (BuS)