Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Милиция талапкер Атамбаевдин штабынын үч өкүлүн кармады


Бүгүн Ленин райондук ички иштер кызматы талапкер Алмаз Атамбаевдин штабынан үч өкүлүн суракка алууну улантат. Кечээ кечинде милиция Бакыт Калпетовду, Мирлан Токтошевди жана айдоочу Мейманбай Макеевди кармап, түн жарымында СДП фракциясынын мүчөсү, депутат Роза Отунбаеванын кепилдиги менен кайра бошоткон. Жолугушууга катышып жаткан шайлоочулар үч кишинин кармалышына атайын уюштурулган чагым түрткү болду деп жатышат. Окуя Берекет базарынын жанында оппозиция лидерлеринин шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда болгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG