Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:24

Кант алып келип сатууга дагы төрт ишканага уруксат берилди


Буга чейин Кыргызстандын базарларына сырттан кант апкелип сатууга эки гана ишкана: “Кайыңды кант” жана Кошой кант” заводдору акылуу болчу. Акыркы убактардагы канттык таңсыктыгына жана баанын кескин көтөрүлүшүнө байланыштуу кыргыз өкмөтү дагы төрт ишканага кант импорттоого уруксат берди. Эми “Кока кола боттлерс”, АТА ишканасы, “Келечек” жана “Таттуу” АК дагы чет мамлекеттерден кант алып кирүүгө укуктуу, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.
Кыргызстандын өзүндө кызылча иштетүүчү заводдор дыйкандардан кызылча кабыл алуудан баш тарткандан бери өлкө сырттан кант импорттоого аргасыз.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG