Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Журналисттерге дин темасын жазууда этияттык зарыл


Мындай пикирин “Дин, укук жана саясат” борборунун жетекчиси, теолог-тарыхчы Эсен Усубалиев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда кыргызстандык маалымат каражаттары дин темасында макала же жаңылык жарыялаган учурда айрым бир диний агымдар жөнүндө туура эмес маалыматтар айтылган, башка бир дин өкүлдөрүнүн аброюна шек келтирген учурлар көп кездешет. Ошондуктан, кыргызстандык журналисттер дин темасында, өзгөчө ислам дини тууралуу маалымат жазууда сабатын жоюуга тийиш, дейт теолог. Анын кесиптеши Кадыр Маликов мунун кесепетин өлкөдөгү мусулмандардын диний башкармалыгына таандык маалымат каражаттарынын жоктугу менен байланыштырды. Ал эми мечиттер болсо өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жеткиликтүү түшүндүрүп бере алышпайт, натыйжада эл туура эмес маалымат менен камсыз болот, дейт Кадыр Маликов.
“Дин, укук жана саясат” борбору дин темасын чагылдырган журналисттер үчүн атайын курстарды уюштурууну көздөөдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG