Президенттикке талапкер бүгүн тараткан билдирүүсүндө мамлекет башчылык кызматы үчүн ат салышып жаткан адамдардын теле аркылуу ачык таймашуусу өз келечегин тандоонун алдында турган эл үчүн да пайдалуу болмок, деген оюн билдирет. Токтайым Үмөталиева айрым саясатчылар бул мүмкүнчүлүктү туура баалай албаганы үчүн мындай технология өзүнүн маанисин да жоготту, деп эсептейт. “Анын үстүнө телетаймаш ободон түз эмес, алдын ала тартуу ыкмасында даярдалышы –бул телеэрөөл болуп эсептелбейт, ошондуктан, мен дагы Улуттук телеканал аркылуу болуучу телетаймаштан баш тарттым,” деп билдирет талапкер. Токтайым Үмөталиева менен чогуу 14-июлда УТРКдан талапкер, азыркы президент Курманбек Бакиев телеэрөөлгө чыкмак. Мамлекет башчы 14-июлда Кызыл-Кыядагы цемент заводунун ачылышына катышары күтүлүүдө.
Президенттикке талапкерлердин телеэрөөлүнө катышуудан алгач талапкер Жеңишбек Назаралиев баш тарткан, ал атаандашы Нурлан Мотуев менен талкуулай турган сөзү жоктугун билдирген. Ал эми БЭКтин талапкери Алмазбек Атамбаев өзүнүн мурдагы үзөңгүлөшү, “Ак шумкар” саясий партиясынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Темир Сариев менен Улуттук телеканал аркылуу таймашуудан баш тартканын өткөн жумада маалымдаган. Ал мунун себебин телетаймашты оппозициянын бөлүнүп-жарылышына арналган атайын сценарийдин негизинде жүргүзүү аракеттери болуп жатканы менен түшүндүргөн.(ZKo)