Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Пакистандын Сват өрөөнүнө жашоочулар кайта баштады


Өлкөнүн түндүк-батышындагы бул өрөөндүн жана анын айланасындагы райондордун эки миллиондон ашуун тургуну быйыл апрелдин соңунда өкмөттүк күчтөрдүн согушкерлерге каршы ири операциясы башталгандан тарта жер которууга аргасыз болгон эле. Пакистандын өкмөтү Сваттын тургундарынын алгачкы топторун өз үйлөрүнө кайтара баштоо үчүн бүгүн алар башпаанектеп жаткан лагерлерге автобусттар менен жүк ташуучу автоунааларды жөнөттү.

Улуттар уюму качкындардын кайтуусу үчүн коопсуздук жана жашоого мүмкүндүк берген шарт болуусу керектигин белгилеп, аларды өз эрки менен кайтарууга чакырды.

Кабарларга караганда, Сват өрөөнүндөгү инфраструктуранын көбү уруштардын учурунда талкалангандыктан, калыбына келтирүү иштери али бир нече айды талап кылары күтүлүүдө.

Пакистан армиясынын айтымында, алар Талибандын согушкерлерин Сват өрөөнүнөн сүрүп чыгарышты. Бирок ал жактан түшкөн маалыматтарга караганда, айрым аймактарда кез-кези менен кагылышуулар да орун алып жатат.

XS
SM
MD
LG