Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:46

Журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу иш иликтенүүдө


Бул тууралуу ички иштер министри Молдомуса Конгантиев “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Министрдин айтымында, эркин журналист Алмаз Ташиевди мас абалында сабаганы тууралуу Ноокат РИИБнүн кызматкери жазган түшүнүк каттын көчүрмөсүн алган. Министр бул иштин чоо-жайын териштирүү максатында азыр Ноокатта өзүнүн орун басары Расулберди Раимбердиев жүргөнүн кошумчалады. М. Конгантиев ошондой эле журналисттин өлүмүнө алып келген иш боюнча Ноокат райондук прокуратурасы иш козгогондугун, эгер милициянын күнөөсү далилденсе, милиция кызматкери тиешелүү жазасын алат, деп билдирди.

Эркин журналист Алмаз Ташиев 4-июль күнү Ноокат райондук ооруканасына оор абалда жеткирилген. Ал өзүн Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери сабагандыгын “Азаттыкка” билдирген эле. Кечээ кечке жуук журналист Ош облустук ооруканасында көз жумган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG