89 жаштагы бул абышкага Германиянын прокурорлору расмий айыпты бүгүн тагышты. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда Польшадагы Собибор деген концлагерде сакчы болуп иштеген кезинде 28 миңдей туткунду өлтүрүүгө жардам берген деп айыпталууда. Теги боюнча украин Жон Демьянюктун үстүнөн сот эми Мюнхен шаарында болот, бирок жараян качан башталары азырынча белгисиз. Ал АКШдан Германияга быйыл айында депортацияланган.