Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Кочкордо мугалимдер К. Бакиев үчүн үгүт жүргүзүүгө мажбурланууда


Кочкор районундагы Туз айылында жашарын, ысымын азырынча айта албастыгын билдирген шайлоочу "Азаттыкка" телефон чалып, Чолпон айыл округунун башчысы Качыке Бейшебаев мугалимдерди Курманбек Бакиев үчүн жүгүрүп үгүт жүргүзүүгө мажбурлап жатканын билдирди. "Бакиевге аз пайыз добуш берсек, биз уят болобуз, мен кызматтан кетем, Туз айылы "Таза суу" программасына кирбей калат" деп жыйналыш жасаган. Ошондой эле купуя шайлоочунун айтымында Туз, Оро-Башы, Ара-Көл айылдарында мугалимдер 15тен шайлоочунун паспорт даректерин каттоого алууда. Чолпон айыл округ башчысы Качыке Бейшебаев өз кезегинде мындай маалыматты жалган деп какты. "Тескерисинче Туз айылынын чыкпай калган суусун район акими чыгарып берди. Биз болгону 15 тен мугалимди Кочкор айылындагы Бакиевдин жолугушуусуна алып бардык",-дейт Качыке Бейшебаев. (KUs).

XS
SM
MD
LG