Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:41

Талапкердердин үгүт иштери чектелип чагылдырылып жатат


Европадагы Коопсуздук жана Кызматтыштык Уюмунун шайлоого байкоо салуу миссиясы бүгүн Кыргызстандагы президенттик шайлоого даярдык боюнча баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, жер-жерлердеги участкалык комиссияларга бийликчил “Ак жол” партиясынын өкүлдөрү көбүрөөк киргени белгиленген. Азыркы президент Курманбек Бакиев талапкерлерден бөтөнчөлөнүп, анын үгүт жарнактары башка талапкерлерден алда канча көп илингени, айрыкча шайлоого байланышпаган, өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу көрнөктөрү көп экени айтылат. Башка талапкерлердин жарнактары бирин-серин болуп, жалпысынан президенттик шайлоо үгүттүгү жүрүп жатканы тууралуу белгилер аз экени кошумчаланган. ЕККУнун миссиясы маалымат каражаттарына байкоо салып, талапкерлерди чагылдырууда чектөөлөр бар экенин айтты. ММКнын дээрлик көпчүлүгү К. Бакиевге талапкер да, президент да катары басым жасап коюп, “Азаттык” үналгысы гана аздыр-көптүр тең салмактуу чагылдырып жатат, деп айтылат баяндамада. (EBM)

XS
SM
MD
LG