Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

АКШ Өзбекстан менен мамилесин оңдоону каалайт


Бул тууралуу бүгүн Ташкентте президент Ислам Каримов менен жолугар алдында журналисттерге Мамлекеттик катчынын орун басары Уильям Бернс билдирди. Вашингтон менен Ташкенттин мамилеси 2005-жылы АКШ Анжиян шаарындагы кан төгүүнү кескин айыптагандан кийин бузулган эле. Мамлекеттик катчынын орун басары Бернс Ташкентке Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында барды. Ал Өзбекстанга чейин Түркмөнстан менен Кыргызстанда болгон. Орусиянын Интерфакс агенттиги президент Ислам Каримов бул иш сапар “АКШын Өзбекстан менен алакасын конструктивдүү жана прагматикалык негизде өнүктүрүүгө даярдыгынын далили”, - деп айтканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG