Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

Талапкер Атамбаевдин үч өкүлүнүн ишин сот бүгүн карайт


Бүгүн Ленин райондук Соту президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабынын үч өкүлүнүн ишин караганы жатат. Бакыт Калпетовдун, Мирлан Токтошевдин жана Мейманбай Макеевдин иштерин Ленин райондук милициясы кечээ сотко өткөрүп берди. Райондук милиция аларды административдик тартип бузду деп айыптоодо. Бул үч атуул 12-июлда кечке жуук Ленин районун аймагында оппозиция лидерлери шайлоочулар менен жолугушуу маалында чыккан жаңжалда кармалган. Шайлоочулар болсо жаңжалды атайын уюштурулган топтор чыгарды деп билдиришүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG