Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Медиа өкүлчүлүк бийликти Ташиевдин өлүмүн сергек иликтөөгө чакырды


Медиа өкүлчүлүк журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүн тыкыр иликтөөгө, тартип коргоо тармагын түп-тамырынан реформалоого чакырды. Мындай кайрылууну кечээ Кыргызстандын Медиа өкүлчүлүгү Президентке, Жогорку Кеңешке, Баш прокурорго жана Ички иштер министрине жиберди. Кайрылууда өкүлчүлүк Алмаз Ташиевди тартип коргоо кызматкерлери сабады деген ыктымал маалымат ишти тергөөгө өзгөчө жоопкерчиликти тагат айтылат. Журналист Алмаз Ташиев катуу таяктан жабыркап, 12-июлда ооруканада көз жумду

Кайрылууда белгиленгенге караганда марттан бери өлкөдө 6 журналистке кол салынды. Көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлүмүнүн себеби эки жылдан бери аныктала элек.
Медиа мекеме журналисттердин коопсуздугуна байланыштуу түзүлгөн азыркы кырдаал тартип коргоо кызматтары жарандарды жетиштүү коргой албагандыгына күбө деп эсептейт. . (BuS)

XS
SM
MD
LG